12.04.2018 12:20

Миллионду чөнтөккө салып,  Россияга учуп кеткен шылуун капаска түштү

Миллионду чөнтөккө салып,  Россияга учуп кеткен шылуун капаска түштү

2-апрелде  укук коргоо органдарына  шаар тургуну кайрылып, уурдатып жиберген бир миллиондон ашык акчасын кайтарып берүүнү өтүнгөн. Айтымында, Бишкектеги соода борборлорунун бириндеги кассадан 1 миллион сомдон ашык акчаны алдыртып жиберген.

Бул ишке тиешеси бар деп  ошол бөлүмдө жалданма сатуучу болуп иштеген адамды айыптаган.  Маалым болгондой, окуя болгон күндөн кийин бөлүмдүн сатуучусу  жумушка чыкпай,  бир нече күндөн кийин Россияга учуп кеткен. 

Бул факт боюнча Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан 164-берене (Уурулук) менен кылмыш иши козголду. Ыкчам  издөө иш-чараларынын натыйжасында 40 жаштагы Н.Д. аттуу  жаран кармалды. Сот тарабынан кармалган адамга өлкөдөн чыгууга тыюу салынды.